Ситдиков Харис Латыпович
Ситдиков Харис Латыпович (1929 - 2008) Сүрөтчү. 1929-жылдын 2-декабрында Семипалатинск шаарында төрөлгөн. 1936-жылы үй-бүлөсү Фрунзеге көчүп келет. 1953-жылы Фрунзе көркөм өнөр училищесин, 1960-жылы Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы театр жана көркөм искусстволор институтун аяктаган. 1964-жылдан бери СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.