
Уитц Бела
(1887-1972)Монументалист. Улуу Венгриялык сүрөтчү. 1936-1937-жылдары Кыргызстанда жашап, иштеген. 1887-жылдын 8-мартында төрөлгөн. 1907-жылы Будапешттеги колдонмо искусствонун училищесинде жана Жогорку сүрөт искусствосу мектебинде билим алган. 1916-жылы Сан-Францискодогу Дүйнөлүк көргөзмөдө Уитц Алтын медаль алган. 1919-жылы Венгриянын советтик республикасы учурунда Пролетардык сүрөт искусствосу боюнча окуу мастерскойун башкарган. Венада (1920—1924-жж.), Парижде (1924—1926-жж.), Москвада (1926—1970-жж.) эмгектенген, ал жерде Бүткүл Союздук көркөм-техникалык институтунун (ВХУТЕИН) живопись факультетинин деканы болуп иштеген, композиция курсуна жетекчилик кылган.
1930-жылы РСФСРдин эмгек сиңирген искусствосунун ишмери наамын алган. 1930-жылы Уитц Эл аралык революциялык сүрөтчүлөр бюросун уюштурган.
1954-жылы Москвадагы айыл чарба жетишкендиктери көргөзмөсүндөгү фрескалар үчүн Алтын медаль алган. 1936-жылы Кыргызстандын өкмөтүнүн чакыруусу менен Фрунзеге келген. Б. Уитц жаштарды кесиптик чеберчиликтин негиздерине үйрөтүп, өмүрүн ушул ишке арнаган.
Негизги эмгектери
1936-1937-жылдары жасалган сүрөттөр сериясы. Кагаз, свинцовый карандаш.
Байсобаева Какиш.
КП (б) Кыргызстандын I съездинин делегаты.
Жигит.
Кооперативчи.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин жыйындар залындагы фрескага сүрөттөр. Кагаз, свинцовый карандаш.
Мишенге көздөп жаткан жоокер.
Орун алган жоокер, таш ыргытуучу жоокер.
«1916-жылдагы көтөрүлүш» композициясына эскиз.
1916-жылдагы көтөрүлүштүн жоокери.