Уитц Бела

admin Кыргызстандын сүрөтчүлөрү
VK X OK WhatsApp Telegram
Уитц Бела

Уитц Бела

(1887-1972)
Монументалист. Улуу Венгриялык сүрөтчү. 1936-1937-жылдары Кыргызстанда жашап, иштеген. 1887-жылдын 8-мартында төрөлгөн. 1907-жылы Будапешттеги колдонмо искусствонун училищесинде жана Жогорку сүрөт искусствосу мектебинде билим алган. 1916-жылы Сан-Францискодогу Дүйнөлүк көргөзмөдө Уитц Алтын медаль алган. 1919-жылы Венгриянын советтик республикасы учурунда Пролетардык сүрөт искусствосу боюнча окуу мастерскойун башкарган. Венада (1920—1924-жж.), Парижде (1924—1926-жж.), Москвада (1926—1970-жж.) эмгектенген, ал жерде Бүткүл Союздук көркөм-техникалык институтунун (ВХУТЕИН) живопись факультетинин деканы болуп иштеген, композиция курсуна жетекчилик кылган.

1930-жылы РСФСРдин эмгек сиңирген искусствосунун ишмери наамын алган. 1930-жылы Уитц Эл аралык революциялык сүрөтчүлөр бюросун уюштурган.

1954-жылы Москвадагы айыл чарба жетишкендиктери көргөзмөсүндөгү фрескалар үчүн Алтын медаль алган. 1936-жылы Кыргызстандын өкмөтүнүн чакыруусу менен Фрунзеге келген. Б. Уитц жаштарды кесиптик чеберчиликтин негиздерине үйрөтүп, өмүрүн ушул ишке арнаган.

Негизги эмгектери

1936-1937-жылдары жасалган сүрөттөр сериясы. Кагаз, свинцовый карандаш.
Байсобаева Какиш.
КП (б) Кыргызстандын I съездинин делегаты.
Жигит.
Кооперативчи.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин жыйындар залындагы фрескага сүрөттөр. Кагаз, свинцовый карандаш.
Мишенге көздөп жаткан жоокер.
Орун алган жоокер, таш ыргытуучу жоокер.
«1916-жылдагы көтөрүлүш» композициясына эскиз.
1916-жылдагы көтөрүлүштүн жоокери.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Культэ Марк Алексевич

Культэ Марк Алексевич

Культэ Марк Алексеевич Кино режиссер. 1896-жылдын 25-апрелинде Крым облусунун Бахчисарай шаарында...

Гальченко Иван Петрович

Гальченко Иван Петрович

Гальченко Иван Петрович Сүрөтчү. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген искусствосу. 30-жылдардын ортосунан...

Мамбетаитова Шакен

Мамбетаитова Шакен

Мамбетаитова Шакен Көркөм өнөрчү. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген маданият кызматкери. 1936-жылдын...

Ахунов Урумбай

Ахунов Урумбай

Ахунов Урумбай Акварелист. 1923-жылдын 21-мартында Фергана шаарында төрөлгөн. 1951-жылы жумушчу...

Жусупов Казбек

Жусупов Казбек

Жусупов Казбек Кинонун сүрөтчүсү. 1937-жылдын 12-сентябрында Москва районунун Октябрь айылында...

Камалов Латип

Камалов Латип

Камалов Латип Дизайнер. 1956-жылдын 7-январында Жалал-Абад облусунун Базаркоргон районундагы Бай...

Шафеев Рауф Сагидович

Шафеев Рауф Сагидович

Шафеев Рауф Сагидович График. 1926-жылдын 15-апрелинде Омск облусунун Ялутровск районундагы Кулик...

Герцен Теодор Теодорович

Герцен Теодор Теодорович

Герцен Теодор Теодорович Монументалист. График. Живописец. Кыргыз Республикасынын элдик сүрөтчүсү....

Бакашев Сабитжан

Бакашев Сабитжан

Бакашев Сабитжан Монументалист. Живописец. 1941-жылы Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Ак-Терек...

Уметов Джумабай

Уметов Джумабай

Уметов Джумабай (1933-1995) Көркөм өнөрчү. Кыргыз ССРинин эл артисти. Токтогул атындагы Кыргыз...

Кыргызстандагы дин

Кыргызстандагы дин

Паломничество - байыркы саякат түрү, миңдеген жылдардан бери белгилүү. Туристтик көрсөтүү...

Комментарий жазуу: