
Джумагулов Сулайман (1923-1998), философия боюнча кандидат (1968), профессор (1991).
Кыргыз. Талас облусунун Талас районундагы Конур-Базар айылында төрөлгөн. КГУнун (1953) бүтүрүүчүсү, ошол жерде аспирантураны (1956) аяктаган. КГУда улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, ОГПИнин ректору, БГУнун кафедра башчысы болуп иштеген.
Философия тармагында адис. Элдер достугу ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун ордендери жана медалдары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1983). 40тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 монографиясы жарык көргөн. Анын жетекчилиги астында 20дан ашык кандидаттык диссертациялар корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү коомдук прогресстин өзгөчөлүктөрү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1975.
2. Философия жана жаңы адамдын калыптанышы. Фрунзе, «Кыргызстан», 1985.
3. Философиянын негизги маселесинин гносеологиялык анализи. Фрунзе, «Илим», 1988.
4. Философиянын жалпы курсу кыскача баяндалган. Бишкек, 1997.
5. Философия курсу. I бөлүм. Жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралы. Ош, 1998.