Джумагулов Сулайман (1923-1998)

Юля Кыргызстандын илимпоздору
VK X OK WhatsApp Telegram
Джумагулов Сулайман (1923-1998)


Джумагулов Сулайман (1923-1998), философия боюнча кандидат (1968), профессор (1991).

Кыргыз. Талас облусунун Талас районундагы Конур-Базар айылында төрөлгөн. КГУнун (1953) бүтүрүүчүсү, ошол жерде аспирантураны (1956) аяктаган. КГУда улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, ОГПИнин ректору, БГУнун кафедра башчысы болуп иштеген.

Философия тармагында адис. Элдер достугу ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун ордендери жана медалдары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1983). 40тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 монографиясы жарык көргөн. Анын жетекчилиги астында 20дан ашык кандидаттык диссертациялар корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү коомдук прогресстин өзгөчөлүктөрү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1975.
2. Философия жана жаңы адамдын калыптанышы. Фрунзе, «Кыргызстан», 1985.
3. Философиянын негизги маселесинин гносеологиялык анализи. Фрунзе, «Илим», 1988.
4. Философиянын жалпы курсу кыскача баяндалган. Бишкек, 1997.
5. Философия курсу. I бөлүм. Жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралы. Ош, 1998.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир (1954), педагогика или докторлук (1999), профессор (1993) Кыргыз. Ош облусунун...

Молдахматов Асанбек

Молдахматов Асанбек

Молдахматов Асанбек (1923-1993) Театр художниги. Живопист. Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген...

Чалов Павел Иванович

Чалов Павел Иванович

Чалов Павел Иванович (1923), физика-математика илигинин доктору (1970), профессор (1972), Кыргыз...

Торобеков Азим

Торобеков Азим

Торобеков Азим (1948-1998) Сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери....

Осмоналиев Каныбек

Осмоналиев Каныбек

Осмоналиев Каныбек (1956), физика-математика или доктору (2000), профессор (2001) Кыргыз. Ош...

Панков Павел Сергеевич

Панков Павел Сергеевич

Панков Павел Сергеевич (1950), физика-математика или или или или или или или или или или или или...

Исраилов Мукаш

Исраилов Мукаш

Исраилов Мукаш (1942), экономикалык илимдердин доктору (1998), профессор (1999) Кыргыз. Нарын...

Комментарий жазуу: