Бакашова Жылдыз Кемеловна (1960), филология илимдеринин доктору (1998).Кыргызка. ИЯЛ АН Кыргыз ССРинин аспирантурасын аяктаган. КГНУнун журналистика кафедрасында улук лаборант, окутуучу, ЖК КРнын эл аралык жана парламент аралык байланыштар комитетинде улук консультант, телерадиожурналистика кафедрасынын башчысы, 2000-жылдан бери - КГНУнун журналистика факультетинин деканы болуп иштеген. Кыргыз адабияты жана жаңы чет өлкөлөрдүн элдеринин адабияты боюнча адис. 30дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монографиясы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Чингиз Айтматовдун көркөм дүйнөсү (автордук биргелешип). Бишкек, «Кыргызстан», 1997.
2. Чингиз Айтматовдун чыгармаларындагы салыштыруу жана метафора. Бишкек, «Кыргызстан», 1997.
3. Ч. Айтматовдун көркөм чеберчилиги. Бишкек, «Кыргызстан», 1998.
4. Махабаттын символу. Бишкек, «Кыргызстан», 1998.
5. Ч. Айтматовдун чыгармаларынын стилистикалык өзгөчөлүгү. Бишкек, «Кыргызстан», 1998.