
Артыкбаев Качкынбай (1934), филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Кыргыз. Чүй облусунун Москва районундагы Кепер-Арык айылында туулган.
КГУнун (1956) жана аспирантураны (1966) аяктаган. «Ленинчил жаш» газетасынын редакциясында бөлүм башчы, «Ала-Тоо» журналы, «Кыргызстан» басмаканасынын көркөм адабият редакциясында, доцент, профессор, декан, 1976-жылдан тарта КГНУнун кафедра башчысы болуп иштеген.
Кыргыз филологиясы боюнча адис. Кыргыз Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын академиги (1992). Эл аралык Айтматов академиясынын ардактуу академиги (1999).
Знак Почета ордени, СССРдин медалдары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты. 670тен ашык илимий эмгектер, анын ичинде 12 монография, адабий-критикалык китептер, 17 окуу китеби жана окуу куралы жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 10 кандидаттык диссертация коргоп чыккан.
Негизги эмгектери:
1. Убакыттын агымында. Фрунзе, «Кыргызстан», 1979.
2. Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. Фрунзе, «Мектеп», 1982.
3. Тандалган эмгектер. Фрунзе, «Кыргызстан», 1984.
4. Таланттын сырлары. Бишкек, «Учкун», 1994.
5. Кыргыз адабияты. XI класска арналган окуу китеби (автордук шериктештик менен). Бишкек, «Педагогика», 2000.