Молдобаев Совет Молдобаевич

admin Кыргызстандын илимпоздору
VK X OK WhatsApp Telegram
Молдобаев Совет Молдобаевич

Молдобаев Совет Молдобаевич (1934),


химия боюнча илимдин кандидаты (1964), профессор (2001), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000)

Кыргыз. Чүй облусунун Кемин районундагы Жацы-Алыш айылында туулган.

КГУнун (1956) жана Кыргыз ССРинин Академиясынын химия институтунун аспирантурасын (1959) аяктаган.

Кыргыз ССРинин Академиясынын органикалык эмес жана физикалык химия институтунда жаш илимий кызматкер, КГНУда старший окутуучу, доцент, кафедра башчысы, профессор болуп иштеген.

Аналитикалык химия боюнча адис. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты (1998). 90дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 окуу китеби жана 7 окуу куралы жарык көргөн.

Анын жетекчилиги менен 1 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Суу эритмелериндеги иондорду бөлүү жана аныктоо үчүн химиялык ыкмалары (окуучу куралы). Бишкек, 1993.
2. Спектрохимиялык буферлердин топурактагы микроэлементтерди атомдук-абсорбция ыкмасы менен аныктоого таасирин изилдөө. Бишкек, 1994.
3. Аналитикалык химия (биргелешип авторлук). Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Бишкек, 1998.
4. Аналитикалык химия. Окуу куралы. Бишкек, 1998.
5. Аналитикалык химия боюнча маселелер жыйнагы (окуучу куралы). Бишкек, 2000.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир (1954), педагогика или докторлук (1999), профессор (1993) Кыргыз. Ош облусунун...

Жайнаков Аманбек

Жайнаков Аманбек

Жайнаков Аманбек (1941), физика-математика илигинин доктору (1985), профессор (1987), НАН КР...

Асанов Авыт (1952)

Асанов Авыт (1952)

Асанов Авыт (1952), физика-математика илимынын доктору (1993), профессор (1998)....

Осмоналиев Каныбек

Осмоналиев Каныбек

Осмоналиев Каныбек (1956), физика-математика или доктору (2000), профессор (2001) Кыргыз. Ош...

Комментарий жазуу: