Бакасова Зарыл Бакасовна (1932), химия боюнча илимдердин доктуру (1977), профессор (1992), Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1984).Кыргызстанда. Чүй облусунун Онбир-Жылга айылында төрөлгөн. КГУнун (1952) жана Кыргыз ССРинин Химия институтунун аспирантурасын аяктаган.
Улук илимий кызматкер болуп иштеген, 1964-жылдан тарта - ИХиХТ НАН КРдин аминокислоталар жана алардын туундулары лабораториясынын жетекчиси. Физиологиялык активдүү бирикмелердин химиясы жана технологиясы боюнча адис. СССРдин медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимпозу (1993). 250дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 9 монография, 25 автордук күбөлүк жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 1 докторлук жана 18 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Физикалык-химиялык негиздери, L-глутамин кислотасы жана L-глутаминат натрийинин жаңы туундуларынын алынуусу, касиеттери, түзүлүшү (биргелешип авторлук). Фрунзе, «Илим», 1973.
2. Динатриймонокобальтглутаминат жана анын аналогдору. Бишкек, «Илим», 1991.
3. Оптикалык активдүү L-аминокислоталарды, алардын татаал эфирлерин, N-ацилдик туундуларын синтездөө. Москва. 1999.
4. Кыргызстандагы химия илиминин өнүгүү тарыхы. // XVII Эл аралык илимдер тарыхы конгресси, Гамбург, 1989, Мюнхен.
5. Кыргызстандагы табигый жана техникалык илимдер - учурдагы абалы. // XX Эл аралык илимдер конгресси. Льеж (Бельгия) 1997.