Джолдошева Чолпон Токчороевна (1929)

Джолдошева Чолпон Токчороевна (1929)
Джолдошева Чолпон Токчороевна (1929), филология илимдеринин доктору (1983), профессор (1984), Кыргыз ССРинин корреспондент-мүчөсү (1989).

Кыргызстанда. Фрунзе шаарында төрөлгөн. МГУнун (1952) жана КГУнун аспирантурасын аяктаган. Окутуучу, доцент, орус адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасынын жетекчиси, Ж.Баласагын атындагы КНУнун профессору болуп иштеген.

Адабият таануу, улуттук-орус эки тилдүүлүк боюнча теориялык жана практикалык маселелердин адиси. СССРдин медалдары, «Данакер» ордени (2001) менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимпозу (1993). 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монографиясы жарык көргөн. Анын жетекчилиги астында 1 докторлук жана 6 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Кыргыз прозасы орусча котормолордо. Фрунзе, «Кыргызстан», 1977.
2. Заманабап кыргыз повести жана котормо маселелери. Фрунзе, «Кыргызстан», 1981.
3. Ч.Айтматовдун эки тилдүү чыгармачылыгы (авторлук). Бишкек. КРСУ, 1997.
4. Илья Ильфтин эрте чыгармачылыгы жөнүндө. Жыйнак «Сатира мастерлиги жөнүндө». № I. Фрунзе, КГУ, 1960.
5. Е.Петровдун сатиралык аңгемелеринин көркөм өзгөчөлүгү. Илимий эмгектер филология факультети, № 14. Фрунзе, КГУ, 1968.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent