Ахунбаева Нелли Исаевна (1937), медицина илимдеринин доктору (1972), профессор (1974)Кыргызстанда. Фрунзе шаарында төрөлгөн. КГМИни (1960) аяктаган.
Пржевальск шаардык ооруканасында ординатор-доктор, РКБда, ассистент, доцент, профессор, КГМАнын кафедра башчысы болуп иштеген, азыркы учурда - КРСУнун хирургия оорулары кафедрасынын профессору. Жалпы жана кеудө хирургиясы боюнча адис.
СССРдин медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери. Академик И. К. Ахунбаевдин атындагы сыйлыктын лауреаты. 150дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 8 монографиясы жарык көргөн. Анын жетекчилиги менен 2 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Эхинококкоздун өпкөдө болушу жана анын хирургиялык дарылануы (биргелешип авторлук). Фрунзе, 1976.
2. Хирург Ахунбаев (биргелешип авторлук). Фрунзе, 1983.
3. Этика жана жүрөк (биргелешип авторлук). Фрунзе, «Кыргызстан», 1987.
4. Айбанаттардын адамга пайдасы жана зыяны. Фрунзе, «Мектеп», 1985.
5. Кыргызстандын тоо медицина экологиясынын проблемалары (биргелешип авторлук). Бишкек, 2000.