Табалдиев Асанбек

Табалдиев Асанбек (1935-1975),
философия боюнча доктор (1971), профессор, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1974)
Кыргыз. Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Джерге-Тал айылында төрөлгөн.
КГУн (1957) аяктаган, ошол жерде аспирантурада окуган.
КГУда окутуучу, кафедранын башчысы, башкы редактордун орун басары, башкы редактор болуп иштеген.
Философия, СССРдеги улуттук мамилелер боюнча социологиялык изилдөөлөрдүн адиси.
Анын аты менен Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Джерге-Тал айылында мектеп аталган.
100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 9 китеби жарык көргөн.
Анын жетекчилиги менен 8 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Жаны адам жана бош убакыт. Фрунзе, «Кыргызстан», 1962.
2. Баатырлар сымбаты. Фрунзе, «Мектеп», 1965.
3. Айыл маданияты жөнүндөгү сөз. Фрунзе, «Кыргызстан», 1966
4. Сүйүүдөн турмуш жаралат. Фрунзе, «Кыргызстан», 1970.
5. Октябрга эстелик (автордук биргелешип). Фрунзе, «Кыргызстан», 1979.