Салиев Азиз

Салиев Азиз (1925),
философия боюнча кандидат, НАН КР академиги (1993), илим жана техника тармагында КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002)
Кыргыз. Ысык-Көл облусунун Тон районунун Тон айылында төрөлгөн.
Киргоспединститутунун филология факультетин (1947) аяктаган.
Киргизия КП БКнын партиялык мектебинде кафедра башчысы, Кыргызстандын жазуучулар союзунун төрагасы, сектордун башчысы, директор, ИФиП АН Кирг. ССРде бөлүмдүн башчысы болуп иштеген, 1999-жылдан тартып - НАН КРнын вице-президенти.
Философия, эстетика тармагында адис.
Знак Почета ордени, СССР медалдары менен сыйланган.
Кирг. ССРдин эмгектеги сыймыктуу ишмери (1985).
150дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 10 монографиясы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Өмүр ырларда. Фрунзе, АН Кирг. ССР, 1962.
2. Ой деген эмне. Фрунзе, «Илим», 1972.
3. Ой жүгүртүү системасы. Фрунзе, «Илим», 1974.
4. Адам психологиясы жана искусство. Фрунзе, «Кыргызстан», 1979.
5. Акыл-эс дүйнөсү жана көркөм элес. Фрунзе, «Мектеп», 1981.