Захарьев Николай Ильич

Захарьев Николай Ильич (1902-1980),
агрардык илимдердин доктору (1950), профессор (1952), Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын академиги (1954), СССРдин илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
Орус. РФнын Орлов облусунун Малоархангельск шаарында төрөлгөн.
Москва зоотехникалык институтун (1924) аяктаган.
Москва жана Новосибирск шаарларында иштеген, Кыргыз ССРинин ФАНнын орун басары, илимдер академиясынын вице-президенти, Кыргыз ССРинин ИБФ лабораториясынын жетекчиси.
Жайыттардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча адис.
Ленин, Эмгектин Кызыл Туу, Улуу Ата Мекендик согуш, Ардак Белгиси ордендери, СССРдин медалдары менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери (1947). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). 130дан ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Сүт берүүчү уйларды аз дозада концентраттуу жем менен азыктандыруу. Фрунзе-Казань, 1935.
2. Сүт берүүчү уйларды жайыттарды колдонуу менен аралаш система боюнча азыктандыруу. Фрунзе-Казань, 1938.
3. Сүт берүүчү уйларды азыктандыруунун аз концентраттуу түрү. 1950.
4. Кыргыз ССРинин жемдери, алардын курамы жана азыктандыруучу касиеттери (авторлук). Фрунзе, 1970.