Шумиловский Николай Николаевич

Шумиловский Николай Николаевич (1897-1967),
техникалык илимдердин доктору (1948), профессор (1950), Кыргыз ССРинин академиги (1960)
Орус. Владимир облусунда төрөлгөн.
Ленинград политехникалык институтун (1929) аяктаган.
Ленинград прибор курулуш заводунда, илимий кызматкер, сектордун башчысы, СССРдин АН лабораториясынын башчысы, УССРдин АН Машиналар жана автоматташтыруу институтунун директору, Москва энергетика институтунун кафедра башчысы, Кыргыз ССРинин АН ИА директору болуп иштеген.
Прибор курулушу, өлчөө техникасы жана автоматташтыруу боюнча адис.
Ленин, Эмгектин Кызыл Туу ордендери, СССРдин медалдары менен сыйланган.
100дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Ядролук нурланууну автоматтык көзөмөлдөөчү технологиялык процесстерде колдонуу (биргелешип авторлук). Госэнергоиздат, 1958.
2. Радиоактивдүү изотопторду колдонуу менен автоматтык көзөмөлдөөчү түзмөктөрдүн теориясынын негиздери. Москва, СССРдин АН, 1959.
3. Ядролук магниттик резонанс методдору (биргелешип авторлук). Москва-Ленинград, 1966.