Ахунбаев Иса Коноевич (1908-1975), медициналык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз ССРинин Академиясынын академиги, СССРдин АМНинин корреспондент мүчөсү, Кыргыз ССРинин илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери жана илим ишмери.Кыргыз. Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында төрөлгөн. Орто Азия медициналык институтун (Ташкент ш., 1935) аяктаган.
Дарыгер, Кыргыз ССРинин саламаттыкты сактоо министринин орун басары, кафедранын башчысы, КГМИнин ректору, Кыргыз ССРинин ФАН президиумунун төрагасы, Кыргыз ССРинин Академиясынын президенти болуп иштеген.
Хирургия тармагында адис. Ленин ордени, Эмгектин Кызыл Туу ордени, Октябрь Революциясы ордени, Ардак Белги (3) менен сыйланган. XX кылымдагы «Эң мыкты илимий жетишкендиктери үчүн» Ардак алтын медалы (өлгөндөн кийин).
300дөн ашык илимий эмгектерди жарыялаган. Анын жетекчилиги астында 6 докторлук жана 35 кандидаттык диссертация корголгон.

И.Ахунбаевдин бюсту, «Эл Куту» комплексинде орнотулган. Автор академик Т.Садыков