Айманбетов Минбай (1930-1997)

Айманбетов Минбай (1930- 1997), медицина илимынын доктору (1975), профессор (1976), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1995)
Кыргыз. Нарын облусунун Кочкорка айылында төрөлгөн. КГМИни (1954) жана ошол жерде аспирантураны (1957) аяктаган.
Ассистент, илимдин кандидаты, доцент, профессор, КГМИнин кафедрасынын жетекчиси болуп иштеген. Морфология жана гистология тармагында адис.
Знак Почета ордени, СССР медалдары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери (1995). Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголгон. 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монографиясы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Нервдердин регенерациясы. Фрунзе, 1960.
2. Органды трансплантациялоо жана регенерациялоо. Фрунзе, 1975.
3. Кыргызстандагы эхинококкоз проблемалары. Фрунзе, 1989.
4. Кроликтердин нерв стволунун аллотрансплантатын кортизондун таасири астында четтетүү жана жашап кетүү маселелери (автордук кызматташтыкта). Фрунзе, КГМИ, 1987.
5. Перифериялык нервдин гемотрансплантациясында биологиялык шайкешсиздик. Москва, 1971.