Исаев Акыбай

Исаев Акыбай

Исаев Акыбай (1932-1999),


география илимдеринин доктору (1989), профессор (1990), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (өлгөндөн кийин)

Кыргыз. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында төрөлгөн.

КГУнун (1953) жана Кыргыз ССРинин Аалымдар Академиясынын аспирантурасын (1961) аяктаган.

Кыргыз ССРинин Мамлекеттик пландоосунда улук экономист, Кыргыз ССРинин Аалымдар Академиясынын ИЭсында улук илимий кызматкер, КГУда доцент, декан, КГНУда кафедра башчысы болуп иштеген.

Экономикалык жана социалдык география боюнча адис.

СССРдин медалдары менен сыйланган.

Кыргыз ССРинин эмгектеги мыкты мугалими (1985).

120дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 монография, 3 окуу китеби жарыяланган.

Негизги эмгектери:

1. Кыргызстандын агропромышленный комплексин түзүү жана өнүктүрүү. Фрунзе, «Кыргызстан», 1985.
2. Кыргызстандын техникалык культураларынын географиясы. Фрунзе, «Илим», 1965.
3. Кыргыз ССРинин географиясы (7-8-класстар үчүн, автордук биргелешүүдө). Фрунзе, «Мектеп», 1978.
4. Кыргыз ССРинин географиясын СССРдин физикалык жана экономикалык география курстарында изилдөө (автордук биргелешүүдө). Фрунзе, «Мектеп», 1985.
5. Кыргыз Республикасынын географиясы (автордук биргелешүүдө). 9-класстар үчүн. Фрунзе, «Мектеп», 1992.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent