Биринчи кыргыз парфюму "Aigul"

Сиздерге "The Fragrances of Kyrgyz Land" сериясынан чыккан биринчи кыргыз парфюму "Aigul" сунушталат.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2015-жылдын 23-апрелинде шаардагы отелдердин биринде сунушталат. Автор расмий сунуштоого чейин белгисиз бойдон калууну чечти.
Парфюмдун курамына Кызыл китепке кирген Айгуль гүлү кирген-кирбегендиги белгисиз.
Ароматтын автору, Кыргызстандагы уникалдуу образдарды чыгармачылыгында жандандырууга аракет кылганын билдирет, алыс жерде жашап жаткан ар бир мекендеши өз үйүндөй сезип, туулган жеринин жытына ээ болсун деген ниетте. Аромат негизинен аялдарга багытталган жана кыргыз кыздарынын назиктигин, жумшактыгын жана чыгыш темпераментин айкалыштырат.