 Бейшекеев Намасбек (1932-2001), филология илимдеринин кандидаты (1965), профессор (1990).
Бейшекеев Намасбек (1932-2001), филология илимдеринин кандидаты (1965), профессор (1990).Кыргыз. Ысык-Ата районунун Кирово айылында төрөлгөн. КГУнун (1957) жана аспирантурасын (1964) аяктаган.
Мектепте мугалим, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан, ОГПИде профессор, БГУда профессор болуп иштеген. Кыргыз тил таануу тармагында адис. СССР жана КР медалдары менен сыйланган. КРнын эмгек сиңирген билим берүүсү (2000).
Негизги эмгектери:
1. Өзбекстандагы кыргыздардын тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр. Фрунзе, 1960.
2. Казакстандагы кыргыздардын тилдик өзгөчөлүктөрү. Фрунзе, 1964.
3. Кыргыз тили (адабияттардын библиографиялык көрсөткүчү), 1929-1959. Фрунзе, 1961.
4. Кыргыз тили. Библиографиялык көрсөткүч. 1960-1970. Фрунзе, 1985.
5. Азыркы кыргыз тилинин фонетикасы боюнча окуу методикалык колдонмо (авторлош). Фрунзе, 1987.
 
           
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
   
    
    
  