Аттокуров Сабыр (1932), тарых илимдеринин доктору (1969), профессор (1971)Кыргыз. Нары облусунун Жумгаль районундагы Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. Киргоспединститутту (1953) жана аспирантураны (1956) аяктаган.
Окутуучу, улук окутуучу, доцент, декан, кафедра башчысы, КГУнун профессору, улук, жетекчи илимий кызматкер, ИИ НАН КРнын бөлүм башчысы, 1999-жылдан тартып - АУКнын окутуучусу болуп иштеген.
Кыргызстан тарыхы боюнча адис. КРнын Ардак Грамотасы (1998), КРнын медалы менен сыйланган. КРнын Эмгек сиңирген илим ишмери (2000). 200дөн ашык илимий эмгектери жарык көргөн, анын ичинде 10 монография. Анын жетекчилиги астында 6 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кыргызстандын өнөр жай өнүгүүсүнүн тарыхы (1917-1967-жж.). Фрунзе, 1965.
2. Кыргызстандын өнөр жай тарыхынан (1938-1940-жж.). Фрунзе, 1971.
3. Улуу согуш жылдарындагы Кыргызстандын өнөр жайы (1941-1945-жж.). Фрунзе, 1989.
4. Орус-кыргыз этнографиялык сөздүгү. Фрунзе, 1989.
5. Кыргыз элдин этнографиясы. Бишкек, 1998.