Асаналиев Кенешбек (1928), филология илимдеринин доктору (1990), профессор.Кыргыз. Киргоспединститутту (1950) жана Ленинграддагы орус адабияты институтунун аспирантурасын (1953) аяктаган.
Жаш адис, улук илимий кызматкер, директордун орун басары, сектордун башчысы, ИЛИ НАН КРнын башкы илимий кызматкери, борбордун бөлүм башчысы болуп иштеген, учурда КГНУнун кыргыз филологиясы боюнча профессору.
Кыргыз адабият таануу жана кыргыз адабий сын тармагында адис. «Почет белгиси» ордени жана «Данк» медалы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери (1994). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илим ишмери. 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 21 монографиясы жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 8 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Тугельбай Сыдыкбековдун романдары. Фрунзе, АН Кирг. ССР, 1956.
2. Замандын адамын ачуу. Фрунзе, «Кыргызстан», 1968.
3. Убакытта кыймыл. Фрунзе, «Кыргызстан», 1978. Фрунзе
4. Көркөм «Кыргызстан», 1988.
5. Чингиз Айтматов: кечээ жана бүгүн. Бишкек, 1995.