Байгазиев Советбек Орозканович (1946), филология илимдеринин кандидаты (1984), профессор (1996).Кыргыз. КГУнун (1969) жана ошол жерде аспирантураны (1975) аяктаган.
Кыргыз ССР ИЯЛ АНында жаш илим кызматкери, Кыргыз НИИПтин бөлүм башчысы, И. Арабаев атындагы КГПУнун проректору, 2002-жылдан тартып Кыргыз билим берүү институтунун директорунун орун басары болуп иштеген.
Кыргыз филологиясы жана адабиятты окутуу методикасы боюнча адис. Кыргыз Республикасындагы билим берүү тармагында эмгеги сиңген кызматкер. 200дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 15 монографиясы жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 1 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кыргыз Совет адабиятынын тарыхы, эки томдук (авторлош). Фрунзе, «Илим», 1987, 1990.
2. Кыргыз адабияты (IX кл. үчүн 0КУУ китеби, авторлош). Бишкек, «Мектеп», 1996.
3. Гумандуу педагогика. Бишкек, «Алтын Тамга», 1998.
4. Манас таануу. Бишкек, «Учкун», 2000.
5. XX кылымдагы кыргыз драматургиясынын тарыхы. Бишкек, «Элпек», 2002.