Бекетаев Орозали (1941), техникалык илимдердин кандидаты (1973), профессор (1990).Кыргыз. Ош облусунун Узген районунда туулган. ФПИни (1968) жана Москва автоунаа-жол институтунун аспирантурасын (1973) аяктаган. Ст. окутуучу, доцент, кафедра башчысы, ФПИнин окуу иштери боюнча проректору болуп иштеген, 1990-жылдан тартып - КТУда профессор.
Автоунааларды пайдалануу жана экологиялык коопсуздук боюнча адис. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган. КРнын эмгек сиңирген билим берүү кызматкери. 80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография жана 3 окуу куралы жарык көргөн. Анын жетекчилиги астында 3 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Автоунааларды авто транспорттук ишканаларда жана бирикмелерде техникалык камсыздоо. Фрунзе, «Кыргызстан», 1987.
2. Ремонтко жарамдуулук - автоунаанын касиети. Фрунзе, 1989.
3. Автоунааларды оңдоо тестоолосу. ИЦ «Техник», Бишкек, 2001.