
Артыкбаев Мэлс Табалдиевич (1939), философия илик доктору (1986), профессор (1990)
Кыргыз. Корумду айылында, Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. КГУнун (1967) бүтүрүүчүсү, ошол жерде аспирантураны (1973) аяктаган.
Окуу жайында мугалим, улук мугалим, доцент, профессор болуп иштеген, учурда КГНУнун кафедрасынын башчысы.
Саясат таануу тармагында адис. 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 15 монография, 3 окуу китеби жарык көргөн. Анын жетекчилиги астында 4 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Саясат таануу (саясат жана бийлик жөнүндө илим). Бишкек, 1993.
2. «Ачык» жана «жабык» коомдордогу саясий система (салыштырмалуу анализ). Бишкек, 1998.
3. Саясат таануу боюнча лекциялар курсу. Бишкек, 1998.
4. Саясат таануу. Окуу куралы. Бишкек, 1999.
5. Кыргызстандын саясий тарыхы. Жалпы ред. Бишкек, 2001.