
Бугазов Анвар Хусайнович (1958), философия боюнча илимдердин доктору (2000).
Дунганин. Фрунзе шаарында төрөлгөн. КазГУн (Алматы шаары, 1980) аяктаган, МГУнун аспирантурасын (Москва шаары, 1986) бүтүргөн. Окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан болуп иштеген, 2001-жылдан тарта КГНУнун социология кафедрасында профессор.
Социалдык философия, маданият таануу тармагында адис. 50дөн ашык илимий эмгектерди, анын ичинде 4 монографияны жарыялаган.
Негизги эмгектери:
1. Массалардын ишмердүүлүгүнүн социалдык-психологиялык аспектилери. Бишкек, «Илим», 1993.
2. Массалардын психологиясы объективдүү жана субъективдүү байланышта тарыхый өнүгүүдө. Бишкек, «Илим», 1993.
3. Социалдык орнотуулар массалардын ишмердүүлүгүнүн факторы катары. Бишкек, «Илим», 1999.
4. Социалдык кызыгуу жана анын коомдук мамилелердин өнүгүүсүндөгү орду. Бишкек, «Илим»,
1999.
5. Коомдук өнүгүү жана анын социалдык-психологиялык мазмуну. Бишкек, КГНУ, 2002.