Курманов Карпек Шамсединович

Курманов Карпек Шамсединович

Курманов Карпек Шамсединович (1928),


юридикалык илимдердин доктуру (1992), профессор (1995)

Кыргыз. Нарын облусунун Жумгаль районунун Кызыл-Туу айылында төрөлгөн.

Ленинград юридикалык институтун (1949) жана КГУнун аспирантурасын (1966) аяктаган. Прокуратурада прокурор, Кыргыз ССРинин кылмыш сот бөлүмүнүн жетекчиси, Республика адвокатурасында, окутуучу, улук окутуучу, доцент, КГНУнун кафедрасынын башчысы, Карагандын мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, Кыргыз ССРинин ИГП АНында кылмыш укугу жана криминология бөлүмүнүн жетекчиси, профессор, 1993-жылдан тартып ИППКК КГНУда кафедра башчысы жана профессор болуп иштеген.

Юриспруденция тармагында адис. СССРдин медалдары менен сыйланган.

90дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монография, 7 окуу китеби жана окуу куралдары жарыяланган.

Анын жетекчилиги астында 5 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Наркомания: Кылмыш-жаза укуктук жана криминологиялык маселелер. Фрунзе, «Илим», 1989.
2. КРнын кылмыш укугу (жалпы бөлүк). Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Бишкек, 1994.
3. КРнын кылмыш укугу (төртүнчү басылышы). Бишкек, 1998.
4. КРнын кылмыш укугу (жалпы бөлүк, кыргыз тилинде). Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Бишкек, 2000.
5. КРнын кылмыш укугу (өзгөчө бөлүк).
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent