Кыргызстандын өнөр жайы Россия империясынын курамында

Кыргызстандын өнөр жайы Россия империясынын курамында

Кыргызстандын өнөр жайы Түркестан аймагында


19-кылымдын 90-жылдарынын башында Түркестан аймагында түштүктө көмүр жана мунай кендерин изилдөө жана иштетүү башталды. 1898-жылдан тарта Кызыл-Кияда таш көмүр катмарлары иштетилген. Көмүр жана мунай кендери башка аймактарда да табылган, аларды акырындык менен иштетүү башталган. 20-кылымдын башында кайра иштетүү жана казып алуу өнөр жайында салыштырмалуу ири ишканалар пайда болду. Бул - Араван жана Найман айылдарындагы пахта тазалоо заводдору, Пишпекте, Пржевальскте жана Ошто пиво кайнатуу, терини иштетүү жана бир нече жүн жуугучтар, ошондой эле таш көмүрдү казып алуу үчүн ири кендер жана мунай иштетүү жайлары.

1913-жылы бүгүнкү Кыргызстанга тиешелүү аймакта 32 ар кандай тармактагы ишкана болгон: жети таш көмүр шахтасы (бир миңдей жумушчу иштеген), эки мунай иштетүү жайы, эки пахта тазалоо заводу, жети жүн жуугуч, эки май чыгаруучу завод, эки пиво кайнатуу заводу, беш валкалык тегирмен жана башка бир нече ишкана. Алардын ичинен эң ири болгон жүн жуугуч заводдор Токмакта (100 жумушчу) жана Пишпек уездинде (235 жумушчу), Ошто пиво кайнатуу заводу (84 жумушчу), эки көмүр шахтасы: Кызыл-Кияда (598 жумушчу) жана Сулюкте (207 жумушчу). Акционердик коомдордун көпчүлүгүнүн капиталы (бул жерде 10дон ашык болгон жана алардын айланымы 10 млн рубльге жакын) кен казуу ишине жумшалган. Анын үлүшүнө 50% продукция жана 59% жумушчу келген (Кененсариев, 2009. Б. 165-185).

Жолдор жана көпүрөлөрдү куруу, ат почтасы жана телеграф-телефон байланышын орнотуу аймактардын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана жалпы экономикасынын өнүгүшүнө жардам берди.

Жолдорду салууда, телеграф тартууда жана алардын жакшы абалын сактоодо жергиликтүү тургундар массалык түрдө катышкан - алар жумушчу катары гана эмес, материалдык каражаттардын булагы катары да. 1908-1911-жылдары Кызыл-Кыя жана Сулюктун шахталарынан көмүр казып алуу жана аны Түркестандын өнөр жай аймактарына чыгаруу зарылдыгына байланыштуу биринчи темир жолдор пайда болду. Кийинчерээк жаңы темир жол линиялары тартылган (Айтмамбетов, 1967. Б. 46).

Кыргыздардын темирчилик, зергерчилик өнөрү, үй өндүрүшүнүн тар чеңгелдеринен чыгып, акырындык менен өзүнчө тармакка бөлүнүп чыкты. Ал аймактын экономикалык жашоосуна кирген товар-акча мамилелеринин таасирине дуушар болду. Токмакта, Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Узген, Джалал-Абадда кичине кайра иштетүү ишканалары пайда болду (Кыргыз ССРинин тарыхы. Т. 2. Б. 142, 143).

Россия администрациясынын ярмарка жана стационардык сооданы өнүктүрүү боюнча колдоосу
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent