
Байсалов Джоомарт Усубакунович (1949), педагогика илимдеринин доктору (1998), профессор (2001).
Кыргыз. Пржевальск шаарында, Ысык-Көл облусунда туулган. Пржевальск педагогикалык институтун (1970) жана СССРдин педагогикалык илимдер академиясынын аспирантурасын (Москва, 1985) аяктаган.
Мектепте мугалим, Республика мугалимдерди кайра даярдоо институтунун методисти, илимий кызматкер, сектордун жетекчиси, бөлүмдүн жетекчиси, Кыргызстандын педагогика илимдери институтунда, КГУда доцент, И.Арабаев атындагы КГПУда кафедранын жетекчиси, КГНУда кафедранын жетекчиси болуп иштеген, 2001-жылдан бери - КГНУнун ЦДО директорунун орун басары. Дидактика тармагында адис.
Россиянын педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги (2000). Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголгон. 110дан ашык илимий эмгектер, анын ичинде 2 монография, 13 окуу-методикалык колдонмо жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Кечки мектептеги билим берүүнүн индивидуализациясы жана дифференциациясы (авторлоштук менен). Москва, 1984.
2. Мектептин математика курсунун окуучуларды кесипке багыттоочу мүмкүнчүлүктөрү. Фрунзе, 1989.
3. Алгебралык теңдемелер жана теңдемелер системасы (авторлоштук менен). Бишкек, 1996.
4. Студенттерди кесиптик-педагогикалык даярдоодо модульдук окутуу. Бишкек, 1997.
5. Мектеп математикасынын илимий негиздери курсун окутууга карата методикалык сунуштар (I чодулдук негизде) (авторлоштук менен). Бишкек, 2000.