Камчыбеков Толобек Кадыралиевич

Камчыбеков Толобек Кадыралиевич (1949),
экономика илигинин доктору (2001), профессор (2002)
Кыргыз. Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында төрөлгөн.
Ташкент гидрометеорология техникумун (1968), КГУн (1973), ИЭ АН Кыргыз ССРинин аспирантурасын (1980) аяктаган.
Радиооператор, гидромет станциясында метеоролог техниги, ИЭ АН Кыргыз ССРинде илимий кызматкер, комсомол комитетинин катчысы, АХЧ боюнча проректордун милдетин аткаруучу, окутуучу, старший окутуучу, КГНУнун деканы, ИЭ НАН КРдин бөлүм башчысы, Антимонопольдук саясат боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүм башчысы, Экономика жана финансы министрлигинин бөлүм башчысы, Бишкек коммерциялык колледжинин директору, 1998-жылдан тарта - БГИЭиКтин ректору болуп иштеген.
Экономикалык теория жана эл чарбасынын экономикасы боюнча адис. 40тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 монографиясы жарыяланган.
Анын жетекчилиги астында 1 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кичи жана орто ишкердикти кадр менен камсыздоо (авторлордун биргелешип). Бишкек, 2000.
2. Микроэкономика боюнча тапшырмалар жыйнагы (авторлордун биргелешип). Бишкек, 2000.
3. Экономикалык теория. Метод, пособие (авторлордун биргелешип). Бишкек, 2000.
4. Кыргыз Республикасында ишкердиктин өнүгүшү жана калыптанышындагы мыйзам ченемдүүлүктөр, рыноктук экономикага өтүү учурунда. Бишкек, «Илим», 2001.