Тишин Алексей Иванович

Тишин Алексей Иванович (1944),
философия боюнча доктор (1997), профессор (2000),
Орус. Иванов облусунун Комсомольск шаарында төрөлгөн.
КГУнун (1968) бүтүргөн.
Эмгек жолун жумушчу, айыл жаштары үчүн кечки мектептин мугалими, окутуучу, улук окутуучу, доцент, КГНУнун профессору катары иштеп, 1999-жылдан тарта КГНУнун социология кафедрасынын жетекчиси болуп иштеген.
Билим алуу теориясы, социалдык философия, социология жана синергетика тармагында адис.
120дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография, 1 окуу китеби, 5 китеп жарык көргөн.
Негизги эмгектери:
1. Окуучу жана газетанын социологиядагы чагылышы (автордук биргеликте). Фрунзе, «Кыргызстан», 1990.
2. Аракеттешүүнүн структурасы. Б., 1995, 176 б.
3. Философия: университеттик билим алуунун баскычтары. Бишкек, 1997.
4. Социология боюнча кыска лекциялар курсу. Бишкек, 1998.
5. Фракталдар жана таанып-билүү процессиндеги циклдар. Томск, 2001.