Шарабакин Николай Иванович

Шарабакин Николай Иванович

Шарабакин Николай Иванович (1930),


педагогика илигинин кандидаты (1964), профессор (1991)

Орус. Башкортостан АССРинин Уфа шаарында төрөлгөн.

Башкирия физикалык маданият техникумун (1949), Казакстан ГИФКсын (1954), ГЦОЛИФКнын аспирантурасын (Москва, 1957) аяктаган.

Окутуучу, улук окутуучу, окуу-илимий иштер боюнча проректор, кафедра башчысы, ректор болуп иштеген, 1992-жылдан тартып - КГИФКнын профессору.

Физикалык маданияттын теориясы жана методикасы боюнча адис.

Киргиз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, «Ардак Белги» ордени, СССРдин медалдары менен сыйланган.

90дан ашык илимий эмгектери жарыяланган.

Анын жетекчилиги астында 4 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Физикалык маданият жана ден-соолук. Фрунзе, «Мектеп», 1967.
2. Жеңил атлетика боюнча сабактарды өткөрүүнүн негизги методикалык жактарын оптималдаштыруу. Фрунзе, Госкомспорт, 1987.
3. Гимнастика сабактарында ИФК студенттеринин профессионалдык методикалык даярдыгы. Фрунзе, Госкомспорт, 1987.
4. Физикалык маданият сабактарына педагогикалык көзөмөл. Бишкек, МНО, 1992.
5. Физикалык маданияттын теориясы жана методикасы. Бишкек, МНОиК, «Шам», 1997.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent