
Бабаев Доолотбай (1952), педагогика боюнча илимдердин доктуру (1994), профессор (1997).
Кыргыз. Сузак районунун Кедей-Арык айылында төрөлгөн. ОГПИни (1972) аяктаган, Кыргыз. Педагогика илимдери институтунун аспирантурасын, Санкт-Петербург шаарындагы билим берүү институтунун докторантурасын (1994) аяктаган. ОГПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, профессор, кафедра башчысы, ОшТУнун проректору, 2001-жылдан тартып ОшГУнун «Вуз-школа» окуу-методикалык комплекси директору болуп иштеген.
Физика сабагын окутуунун дидактикасы жана методикасы боюнча адис. Эл аралык экология, адам жана эмгек коопсуздугу илимдер академиясынын академиги (1997), РФнын педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги (1998).
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2001). 120дан ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде 4 монография. Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Физика мугалиминин кесиптик калыптануусунун теориялык негиздери. Санкт-Петербург, ИОВ РАО, 1992.
2. Физика мугалиминин кесиптик даярдыгынын негиздери үзгүлтүксүз билим берүү системасында (авторлук). Санкт-Петербург, ИОВ РАО, 1993.
3. Физиканы окутуунун методикасы (авторлук) Бишкек, «Мектеп», 1991.
4. Орто мектептин 6-7-класстарында физиканы үйрөнүүдө байкоолор жана өлчөмдөр (авторлук). Фрунзе, 1988.
5. Физика сабагын окутуу процессинде окуучулардын кызыгуусун өнүктүрүү (авторлук). Бишкек, «Кесип», 1998.