Асипова Нурбубу Асаналиевна (1946), педагогика боюнча доктор (1999), профессор (2001).Кыргызка. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкорка айылында төрөлгөн. КГУнун (1969) жана Кыргыз Республикасынын педагогика илимдери институтунун аспирантурасын (1979) аяктаган.
Мектепте мугалим, лаборант, окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, илимий кызматкер, КГНУда профессор болуп иштеген, 2001-жылдан тартып КТУ «Манас» кафедра башчысы, профессор. Жалпы педагогика тармагында адис. Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги (2000). 70тен ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 6 окуу куралы жарык көргөн.
Анын жетекчилиги астында 2 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Көп тилдүү билим берүүчү мектептерде интернационалдык жана ахлактык тарбиянын өз ара байланыштары. Фрунзе, «Мектеп», 1988.
2. Многонационалдык чөйрөдөгү окуучулардын байланыштары. Москва, «Советская педагогика», №12, 1991.
3. Окуучулардын эл аралык байланыштар маданиятын калыптандыруунун илимий-педагогикалык негиздери. Бишкек, «Илим», 1994.
4. Педагогиканын кээ бир жалпы маселелери. Окуу куралы. Бишкек, КГНУ, 1999.
5. Жогорку окуу жайларындагы педагогиканын негиздери (Жооптуу редактор). Бишкек, КГНУ, 2001.