Джаманбаев Жениc Анаркулович (1946)

Джаманбаев Женис Анаркулович (1946), химия боюнча илимдердин доктору (1991), профессор (2000).
Казак. Казахстандын Жамбыл облусунун Курдай районундагы Касык айылында туулган. КГУнун химия факультетин (1967) жана Кыргыз ССРинин ИОХ аспирантурасын (1973) аяктаган. ИНФХда инженер, жаш, улук илимий кызматкер болуп иштеген, ИОХ лабораториясын башкарган, 1993-жылдан тартып КР НАНнын ИХиХТ лабораториясын башкарган. Көмүрсуулар жана табигый бирикмелер боюнча адис.
СССРдин медалы менен сыйланган. 90дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 15 ойлоп табуу жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 1 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Жаңы нитрозометилмочевина көмүрсууларынын туундусунун ракка каршы активдүүлүгүн эксперименталдык изилдөө (автордук биргелешүүдө). СССРде ракты дарылоо. Москва. 1980.
2. Карбамид фрагменттери менен көмүрсуулар туундулары (автордук биргелешүүдө). //Химиядагы жетишкендиктер. Москва, 1982, т.51, чыгарылышы 4, б. 661-677.
3. Нитрозометилмочевин көмүрсууларынын туундуларынын синтези жана ракка каршы активдүүлүгү (автордук биргелешүүдө). СССРде ракты дарылоо. Москва, 1988, №52, б. 145-152.
4. Көмүрсуулардын карбамиддери (автордук биргелешүүдө). Бишкек, КГНУ, 2000.
5. Дары-дармектердин токсикологиясын төмөндөтүү жана тандалмалуулугун жогорулатуу жолдору (автордук биргелешүүдө). //Медицина жана фармация. Бишкек, 2001, т. 1, №2.