Ахунбаев Медер Исаевич (1946-1999), медициналык илимдердин доктору (1995).Кыргыз. Фрунзе шаарында төрөлгөн. КГМИнин медициналык факультетин (1970) жана СССР АМНинин жүрөк-кан тамыр хирургиясы институтунун аспирантурасын (1974) аяктаган.
КГМИнин жалпы хирургия кафедрасында ассистент, КСЭнин улук илимий редактору, Фрунзе шаарындагы №1 поликлиникада врач, РКБда врач-ординатор, Бишкек шаарындагы шаардык эндокринология диспансеринин «Диабеттик бут» кабинетинин башчысы болуп иштеген. Кан тамыр хирургиясы, жүрөк хирургиясы, гнойлуу хирургия, эндокринология тармагында адис.
Кыргыз ССРинин Лениндик комсомол сыйлыгынын лауреаты. 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 10 монография, 5 окуу куралы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Тетрадо Фалло кезиндеги жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын патофизиологиясы. Фрунзе. «Илим», 1978.
2. Этика жана жүрөк (авторлоштукта). Фрунзе. «Кыргызстан», 1987.
3. Орус-кыргыз жана кыргыз-орус медициналык сүйлөшүүчү жана анатомо-физиологиялык терминдердин кыскача сөздүгү. Бишкек. «Китеп», 1992.
4. Диабеттик ангиопатия жана диабеттик бут. Бишкек, 1997.
5. Диабеттик бут (авторлоштукта). Бишкек. 2000.