
Аралбаев Туралы (1935), медициналык илимдердин доктору (1986), профессор (1987)
Кыргыз. Ош облусунун Токтогул районундагы Толук айылында төрөлгөн.
КГМИни (1959) аяктаган, аспирантурада окуган. Дарыгер-хирург, ассистент, доцент, КГМАнын госпиталдык хирургия кафедрасында профессор болуп иштеген, 1999-жылдан тартып НХЦнын ординатура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн жетекчиси. Абдоминалдык жана эндокриндик хирургия, комбустиология боюнча адис. СССРдин медалдары менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери (1997). 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 3 монография, 4 окуу куралы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Тоо шартында жана тоо адаптациясында күйүк оорусу (автордук биргелешип). Бишкек, «Китеп»,
1991.
2. Муздаган жана тоңгон учурда биринчи медициналык жардам. Фрунзе, «Китеп», 1977.
3. Жогорку тоолордо күйүк оорусу (автордук биргелешип). Фрунзе, «Илим», 1987.
4. Он эки эли ичегидеги кан агып жаткан жараларды хирургиялык дарылоо. «Кыргызстандын саламаттык сактоо», 1993. №3, б.25-30.