Батыралиев Талантбек Абдуллаевич (1960), медициналык илимдердин доктуру (1999), профессор (2001).Кыргыз. Кызыл-Сенгир айылында, Сузак районунда, Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. КГМИни (1984) жана ВКНЦ АМН СССРдин аспирантурасын (1988) аяктаган.
ВКНЦ АМН СССРде илимий кызматкер, м.н.с., с.н.с., КР кардиологиясынын в.н.с. катары иштеген, Sauthampton Univ. Div. of Cardiology UK, Englandда стажер-изилдөөчү, Orta-Dogu Hospital (Adana) кардиология бөлүмүнүн жетекчиси, 1997-жылдан тарта Sani Konukoglu Medical Center (Gaziantep) кардиология департаментинин директору.
Клиникалык, инвазивдик жана интервенциялык кардиология, радиологиялык диагностика жана радиологиялык терапия боюнча адис. 170тен ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде англис тилинде биринчи монографиясы. Анын жетекчилиги астында 3 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Алкоголь кардиомиопатиясында эрте оң жүрөк жетишсиздигин диагностикалоодо Volume test (авторлордун катышуусунда). J. of Cardiology, 3, 83-86, 1988.
2. Прогрессивдүү системалык склероздо жана өкпөнүн артериалдык гипертензиясында сол жана оң жүрөк камераларынын контрактилдүүлүгүнө гипоксикалык тесттин таасири (авторлордун катышуусунда). International Journal of Angiology. 7:1,25-27,1998.
3. Жогорку бийиктикте жашаган адамдарда атриалдык натрийуретикалык фактор жана ренин-альдостерон системасынын хр. өкпөнүн гипертензиясы менен корреляциясы (авторлордун катышуусунда). International J. of Angiology. 7, 271-274. 1998.
4. Жүрөктүн чоң тамырларынын электрондук нурлуу жана спиралдык компьютердик томографиясы (авторлордун катышуусунда). Coronary Angiography, p.l 10. Стамбул 2001.