Чотоев Жакен Айтиевич

Чотоев Жакен Айтиевич (1935),
медицина иликтөө доктору (1989), профессор (1992)
Кыргыз. Тон районунун Терт-Кул айылында төрөлгөн.
Харьков медициналык институтунун аскер-медициналык факультетин (1958) жана МГУ менен СССРдин АМНинин Фармакология институтунун аспирантурасын (1964) аяктаган.
Ассистент, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, профессор, КГМИ кафедрасынын башчысы, 1999-жылдан тартып ОшГУ кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
Экстремалдуу шарттарда (гипоксия) организмдин биохимиясы, биоэнергетикасы боюнча адис.
160тан ашык илимий эмгектер жарыяланган, анын ичинде 1 монография, 1 окуу китеби, 13 окуу-методикалык пособие.
Анын жетекчилиги астында 1 докторлук жана 5 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Жогорку тоолордун шартында миокарддын биоэнергетикасы. Фрунзе, «Илим», 1987.
2. Membrane - buring Altitude Hypoxia. 14 th Intern. Congress of Biohemistry, Prague, 1988. Vol. Th- 518.
3. Клетканын биоэнергетикасы (оку.пос.). Бишкек, «Илим», 1993.
4. Биохимия (оку. китеби). Ош, 2001.
5. Myocardial Bioenergetics/ Change During High Altitude Hypoxia 19 th FEBS. Meeting. Rome, Italy. Vol. VI-MD-267.
Комментарии (1)