Чубаков Тулеген Чубакович

admin Кыргызстандын илимпоздору
VK X OK WhatsApp Telegram
Чубаков Тулеген Чубакович

Чубаков Тулеген Чубакович (1953),


медициналык илимдердин доктору (1992), профессор (1993)

Кыргыз. Нарын облусунун Ат-Баши районунун Баш-Кайынды айылында төрөлгөн.

КГМИни (1976) жана СССРдин М3 борбордук туберкулез институтунда аспирантураны (1981) аяктаган.

Ассистент, доцент, кафедра башчысы, КГМИнин деканы болуп иштеген, 1993-жылдан бери медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди үзгүлтүксүз даярдоо республикалык борборунун директору жана КГМАнын кафедра башчысы.

Фтизиатрия, пульмонология жана психиатрия тармагында адис.

100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография, 1 окуу китеби жарыяланган.

Негизги эмгектери:

1. Өпкө туберкулезу жана алкоголизм (авторлоштукта). Москва, «Медицина», 1985.
2. Балдардын физиологиясы жана кээ бир оорулары (авторлоштукта). Бишкек, «Эркин-Тоо», 1982.
3. Психикалык оорулар жана наркоманиялар учурундагы өпкө туберкулезу (авторлоштукта). Москва, «Медицина», 1996.
4. Сөөктөрдүн жана буйнардын ооруларынын рентгеносемиотикасы (авторлоштукта). Бишкек, «Эркин-Тоо», 1996.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Турсуналиев Турдалы

Турсуналиев Турдалы

Турсуналиев Турдалы (1936), педагогикалык илимдердин кандидаты (1968), профессор (1993) Кыргыз....

Кожокматов Сатынды

Кожокматов Сатынды

Кожокматов Сатынды (1935), медициналык илимдердин доктору (1993), профессор (1994) Кыргыз. Маман...

Карашев Ташмат

Карашев Ташмат

Карашев Ташмат (1932), физика-математика илигинин кандидаты, профессор (1992) Кыргыз. Кызыл-Дыйкан...

Комментарий жазуу: