Батырханов Шайхслам Килибаевич (1950), медициналык илимдердин доктору (1993), профессор (1999).Казак. Чүй облусунун Аламедин районундагы Озерное айылында төрөлгөн. КГМИни, РАМНдин педиатрия боюнча докторантурасын (Москва, 1992) аяктаган.
КНИИАиПда м.н.с., с.н.с. болуп иштеген, 1997-жылдан тарта - КГМАда профессор. Педиатрия, аллергология, пульмонология тармагында адис. Эл аралык информатизация академиясынын академиги (1996). 120дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 2 окуу куралы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Кыргыз Республикасындагы балдардын регионалдык пульмонологиясынын көйгөйлөрү (авторлоштук менен). Борбордук Азия пульмонологдор ассоциациясынын вестниги. 2-басылуу, №1-4, 1998. б. 17-19.
2. Тянь-Шандын ички тоолорундагы балдарда обструктивдүү бронхиттер. Москва, 1992.
3. Тоолуу шарттарда балдарда жугуштуу респиратордук оорулар (авторлоштук менен). Борбордук Азия медициналык журналы T.VI, 2000. б.53.
4. Тоолордун балдарында ОРИ учурунда бронхиалдык обструкция (авторлоштук менен). Борбордук Азия медициналык журналы T.VI, 2000. б.53.
5. Кыргыз Республикасындагы балдарда бронхиттердин эпидемиологиясы. Актуалдуу пульмонология, аллергология маселелери боюнча китепте. Бишкек. 2000. б. 9-11.