Лямцев Виктор Трофимович

admin Кыргызстандын илимпоздору
VK X OK WhatsApp Telegram
Лямцев Виктор Трофимович

Лямцев Виктор Трофимович (1929)


медициналык илимдердин доктору (1973), профессор (1976)

Орус. Россиянын Новгород облусундагы Новгород шаарында төрөлгөн.

I Ленинград медициналык институтун (акад. И.П. Павловдун атындагы) 1952-жылы аяктаган, ошол жерде аспирантурада (1955) окуган.

I Ленинград медициналык институтунда ассистент, Камбоджадагы госпиталда врач-эксперт, КГМАнын кафедра башчысы, КРСУнун профессору болуп иштеген.

Патоанатомия боюнча адис. Кыргыз ССРинин ардактуу дарыгери.

100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 окуу китеби жана окуу куралы жарыяланган.

Анын жетекчилиги астында 7 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:

1. Балдардагы тромбоэмболиялык кыйынчылыктар (авторлоштук менен). Патология архиви, 1989, №1, б. 12-16.
2. Сурфактантты изилдөөнүн тажрыйбасы жана келечеги (авторлоштук менен). «Тоолор медицинасы». КГМИнин эмгектери, 1989.
3. 7 күндөн 14 жашка чейинки балдардагы ятрогендик патология (авторлоштук менен). «Кыргызстандын саламаттык сактоосу», 1993, №1, б. 10-13.
4. Гипоксикалык гипоксиянын кроликтердеги атеросклероздун өнүгүүсүнө таасири (авторлоштук менен). Авиакосмостук жана экологиялык медицина, 1999, №5, б. 54-57.
5. Жеке патологиялык анатомия курсу боюнча методикалык пособиялар (авторлоштук менен). Бишкек, 2001.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Сарбагишев Бердибек

Сарбагишев Бердибек

Сарбагишев Бердибек (1929-2001), агрардык илимдердин доктору (1986) Кыргыз. Тегирменти айылында,...

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир

Мамытов Абакир (1954), педагогика или докторлук (1999), профессор (1993) Кыргыз. Ош облусунун...

Жапарова Макен

Жапарова Макен

Жапарова Макен Сүрөтчү - кол өнөрчү. 1954-жылдын 1-октябрында Кочкор районунун Кызыл Дюбе айылында...

Торогельдиев Алтынбек

Торогельдиев Алтынбек

Торогельдиев Алтынбек Сүрөтчү. 1953-жылдын 7-октябрында Ош облусунун Узген районундагы Ленин...

Кыдыралиев Сабыржан

Кыдыралиев Сабыржан

Кыдыралиев Сабыржан (1952), техникалык илимдердин доктору (1993), профессор (1995) Кыргыз. Акман...

Усубалиев Женишбек

Усубалиев Женишбек

Усубалиев Женишбек (1942), техникалык илимдердин кандидаты (1972), профессор (1999), Кыргыз...

Комментарий жазуу: