Кожзаводдун ишке кириши жана Фрунзе шаарындагы Дубовый бактын ачылышы. Документтер №71 - №72 (апрель 1929 ж.)

Дуб бакчасынын көрүнүшү

КИРГИЗ ССР НАРКОМПРОМТОРГУНУН ЖИЫНЫНЫН ПРОТОКОЛУНАН КОЖЗАВОДДУН ИШКЕ КИРГИЗИЛИШИ ТУУРАЛУУ


г. Фрунзе 8-апрель 1929-ж.

Ушул маселени угушту: Фрунзе шаарындагы Зеленский атындагы кожзаводдун ишке киргизилиши. Чечим кабыл алынды:
1. Заводдун ишке киргизүү мөөнөтүн 10-апрель деп белгилөө.
2. Заводду эксплуатацияга кабыл алуу үчүн Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы тов. Свирскийдин жетекчилиги алдында комиссияны дайындоо...
Комиссия 8-апрель күнү ишке киришип, 10-апрель күнү кабыл алуу актын даярдап тапшырууга тийиш.
3. 10-апрелден 1-октябрга чейин 1929-жылга карата өндүрүш программасын 25000 терини кайра иштетүү көлөмүндө белгилөө.
4. Кожзаводдун техноругу тов. Левашовдун айткандарын эске алуу, заводдун айына 5000 терини кайра иштетээрин билдирүү.

Төрага Айтматов Секретарь С. Смирнов

ЦГА КР. Ф. 278. On. 1. Д. 68. Л. 493-495. Көчүрмө.

№72

ФРУНЗЕ ШААРДЫК КОМИТЕТИ ВКП (б) ИСПОЛБЮРОСУНУН ЖИЫНЫНЫН ПРОТОКОЛУНАН ДУБ БАКЧАСЫН ИШТЕТҮҮ ТУУРАЛУ

г. Фрунзе 14-апрель 1929-ж.

12. Дуб бакчасын пайдалануу (Чистяков). Горсовет фракциясына бакчаны бардык маданий муктаждыктар үчүн, мисалы, ар түрдүү спорт аянтчаларын уюштуруу, эс алуу бакчасында окуу залын уюштуруу үчүн сунуш кылуу жана эч кандай учурда жеке адамдарга ижарага берүүгө жол бербөө, Ц.Р.К. жана коомдук уюмдардан башка.

Төрага Чернышев Секретарь Журов

ЦГА КР. ф. 539. On. 1 Д. 63. Л. 126. Көчүрмө.

Фрунзе шаарындагы Кызыл Чайхананы уюштуруу боюнча протоколдун көчүрмөсү. Документ №70 (1928-ж.)
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent