Чокан Чингисович ВАЛИХАНОВ
Чокан Чингисович ВАЛИХАНОВ (Ноябрь 1835 — апрель 1865) — орус окумуштуусу, улуту казак.
Чоканга атын энеси берген, ал өз аты - Мухаммед-Ханафия. Өзүнүн туулуп-өскөн жеринде Кошмурунда казак мектебинде билим алган, андан кийин Омск шаарындагы Сибирь кадет корпусун (1847—1853) аяктаган. Джунгарияга, Ысык-Көлгө, Кулжага жана Кашгарга (1856—1858) болгон экспедицияларга катышкан.
Санкт-Петербургда (1860—1861) жүргөндө Россиянын географиялык коомунун ишине катышып, университетте лекцияларды угуп, Башкы штабда иштеп, жыйналган бай тарыхый-этнографиялык жана географиялык материалдарды иштеп чыккан. Жаш курагында оорудан улам каза болгон.
Ч. Валиханов «Манас» тууралуу
«Манас» - бардык кыргыз мифтеринин, жомокторунун, уламыштарынын энциклопедиялык жыйнагы, бир убакытка келтирилип, бир инсан - баатыр Манас айланасында топтолгон... Кыргыздардын жашоо образы, мүнөзү, географиясы, диний жана медициналык билимдери, эл аралык мамилелери ушул чоң эпопеяда өзүн тапкан».
1856-жылы Ч. Валиханов европалык окумуштуулар арасында биринчи болуп «Манас» эпосунун Кёкётөй-хандын өлүмү жана анын эскерүүлөрү менен байланышкан бөлүктөрүн жазып алган (бул үзүндү анын өзүнүн орус тилине которулган). Кыргыздар, Кыргызстан жана Борбордук Азиянын башка аймактары тууралуу жазган очерктери чоң илимий мааниге ээ.
Чокан Валихановдун жашоосу жана илимий ишмердүүлүгү Борбордук Азиянын окумуштууларынын Москвада, Санкт-Петербургда, Казанда жана башка европалык билим борборлорунда билим алган жана эмгектенгендеринин алдын ала белгилери болуп калды.