Акрамов Эрнст Хашимович

Акрамов Эрнст Хашимович (1936), медицина или доктору (1990), профессор (1998)
Узбек. Фрунзе шаарында туулган.
КГМИни (1960) аяктаган, ошол жерде аспирантурада окуган. ГКБ№2де клиникалык ординатор, РКБнын кеудө хирургиясы бөлүмүндө хирург-ординатор, тез жардам хирургиясы бөлүмүнүн башчысы, госпиталдык хирургия кафедрасынын доценти, РКБнын жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, 1992-жылдан тартып Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, КГМАнын профессору.
Жалпы, тамыр хирургиясы, анестезиология жана реаниматология тармагында адис. 130дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 5 монография, 3 окуу куралы, 2 ойлоп табуу жарыяланган.
Анын жетекчилигинде 1 докторлук жана 2 кандидаттык диссертация корголгон.

Негизги эмгектери:
1. Сорбция-лимфатикалык дренаж гнойлуу-септикалык хирургияда (авторлоштукта). Бишкек- Новосибирск, 1996.
2. Сорбция-лимфатикалык дренаж гнойлуу-септикалык процесстерди дарылоодо (авторлоштукта). Бишкек- Новосибирск, 1997.
3. Гнойлуу хирургиянын тандалган маселелери. Дарыгерлер үчүн колдонмо (авторлоштукта). Новосибирск, 1999.
4. Ички органдарына операция жасалган бейтаптарда эрте жана кеч абдоминалдык кыйынчылыктар (авторлоштукта). Метод, сунушталган. Бишкек- Новосибирск, 1999.
5. Кан тамырларында диссеминацияланган коагуляция синдрому (авторлоштукта). Метод, сунушталган. Бишкек-Новосибирск, 1999.
