
Аманалиев Джусупбек (1932), педагогика боюнча илимдердин доктору (1992), профессор (1994)
Кыргыз. Кызыл-Туу Нары айылында туулган. КГУнун (1953) бүтүрүүчүсү.
Завуч, мектеп директору, бала бакча, интернат мектебинин директору, орун басар начальник, МНОнун мектептер башкармалыгынын начальниги, доцент, ПИРЯЛ, Республика мугалимдерди квалификациясын жогорулатуу институтунда, ФПКнын деканы, мектеп-ЖОЖ байланыштары боюнча проректор, 1993-жылдан тарта - БГУнун профессору болуп иштеген.
Педагогика теориясы жана тарыхы боюнча адис. Почет белгиси ордени, СССР медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. СССР жана КРнын Эмгек сиңирген мугалими. 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 7 монографиясы жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Идеялык-ишенимдүү тарбиялоо. Фрунзе, «Мектеп», 1973.
2. Мектеп, үй-бүлө жана коом. Фрунзе, «Мектеп», 1975.
3. Советтик Кыргызстандагы жалпы билим берүү мектептери азыркы этапта. Фрунзе, 1982.
4. Кыргызстандагы мектеп билим берүүнүн өнүгүү жана кайра куруу жолдору. Фрунзе, «Мектеп»,
1990.
Педагогиканын негиздери (окуу куралы, автордук биргелешип). Бишкек, БГУ, 1996.