Асакеев Асанбек (1939), педагогикалык илимдердин кандидаты, профессор (1991).Кыргыз. М. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайын (1957) жана Курмангазы атындагы мамлекеттик искусстволор институтун (Алматы, 1969) аяктаган.
Кыргосфилармонияда оркестрдин артисти, КЖПИде окутуучу, М. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу, директор, проректор болуп иштеген, 1995-жылдан бери Б. Бейшеналиева атындагы КГИИнин ректору.
Музыкалык искусство тармагында адис. Кыргыз Республикасының коомдук илимдер академиясынын академиги (1992). Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган (1958). Бүткүл союздук жаштар жана студенттер фестивалынын лауреаты (1957).
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген маданият кызматкери (1980). 30дан ашык илимий эмгектери жарыяланган.
Негизги эмгектери:
1. Жаш педагог-музыканттарды даярдоонун биринчи кезектеги милдеттери. Фрунзе, «Мектеп», 1983.
2. К. Орозов атындагы оркестр жана кыргыз эл аспаптарын реконструкциялоонун кээ бир маселелери. Фрунзе, «Мектеп», 1986.
3. Музыкалык аспаптарды кайра жандандыруу. Фрунзе, «Мектеп», 1988.
4. Кыргызстанда маданият жана искусствонун өнүгүү маселелери. Фрунзе, «Искусство», 1989.
5. Цейтнотто муза. Фрунзе, 1989.