
Бугазов Хусаин Бугазович (1922), филология илигинин кандидаты (1954), профессор (1996).
Дунган. Ысык-Көл облусунун Жети-Огуз районундагы Ырдык айылында төрөлгөн. Киргоспединститутту (1950) жана Москвадагы М.В. Ломоносов атындагы МГУнун аспирантурасын (1954) бүтүргөн.
Окутуучу, доцент, орус тилин окутуунун методикасы кафедрасынын жетекчиси, Ж. Баласагун атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус тили кафедрасынын профессору болуп иштеген.
Орус тилин чет тили катары окутуу методикасы, дунган, кыргыз жана орус тилдеринин салыштырмалуу тил таануу тармагында адис. Улуу Ата Мекендик согуштун ордендери жана медалдары, Кыргыз Республикасынан Ардак грамоталар менен сыйланган (1967-1990).
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1983). 80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 10 окуу китеби жарык көргөн.
Негизги эмгектери:
1. Орус тили. Кыргыз студенттери үчүн окуу китеби (автордук биргелешип). Фрунзе, Учпедгиз, 1961.
2. Дунган тили. 1-2-класстар үчүн окуу китеби (автордук биргелешип). Фрунзе, «Мектеп», 1967, 2-басылышы - 1972, 3-басылышы - 1977, 4-басылышы - 1982. 5-басылышы - 1985.
3. Букварь. Кыргыз мектебинин 1-классы үчүн орус тилинин окуу китеби (автордук биргелешип). Фрунзе, «Мектеп», 1979, 2-басылышы - 1985, 3-басылышы - 1986, 4-басылышы - 1987, 5-басылышы -
1989, 6-басылышы - 1991.
4. Орус тили. Кыргыз мектебинин 2-классы үчүн окуу китеби (автордук биргелешип). Бишкек, «Мектеп», 1987, 2-басылышы -
1990, 3-басылышы - 1991, 4-басылышы - 1993, 5-басылышы - 1997, 6-басылышы - 2001.
5. Букварь. Дунган мектебинин 1-классы үчүн окуу китеби (автордук биргелешип). Бишкек, «Мектеп», 1994, 2-басылышы - 1996.