Окуу-методикалык комплекстер математика, англис тили жана табигый илимдер сыяктуу предметтер үчүн иштелип чыгууда. Азыркы учурда орус жана кыргыз тилдеринде билим берүүчү мектептер үчүн окуу китептерин адаптациялоо жана редакциялоо иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күндө төмөнкү жеткирүүлөр аткарылды:
- 1-класска арналган «Математика» окуу китеби — 295 миң 880 нуска басылып, билим берүү мекемелерине жеткирилди;
- 1-класска арналган «Мен жана дүйнө» окуу китеби — 295 миң 880 нуска чыгарылып, учурда бөлүштүрүлүүдө;
- 2-класска арналган «Математика» окуу китеби — 344 миң 660 нуска басылып, мектептерге жетүү жолунда;
- 2-класска арналган «Табигый илимдер» окуу китеби — басууга даярдалып жатат.