Асанканов Абылабек Асанканович (1954), тарых илимдеринин доктору (1993), профессор (1994), КР НАНнын корреспондент-мүчөсү (2000), илим жана техника тармагында КРнын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002).Кыргыз. Нарын облусунун Жумгаль районундагы Доскулу айылында төрөлгөн. КГУнун (1977) жана СССРдин АНнын Этнография институтунун аспирантурасын (1984) аяктаган.
Мектеп мугалими, ФПИде окутуучу, КГУнун кафедрасынын башчысы, СССРдин АНнын Этнология жана антропология институтунда (Москва) илимий кызматкер, КГНУда кафедранын башчысы, декан, профессор, КРнын Өкмөтүнө караштуу «Мурас» бизнес долбоорунун директору, Кыргыз таануу борборунун директору, Президенттин администрациясындагы социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, 2001-жылдан тартып И.Арабаев атындагы КГПУнун ректору болуп иштеген.
Этнология тармагындагы адис. 100дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 монография жана 3 окуу китеби жарыяланган. Анын жетекчилиги астында 5 кандидаттык диссертация корголгон.
Негизги эмгектери:
1. Кыргызстандын азыркы айыл калкынын социалдык-мәдени өнүгүшү. Фрунзе. 1989.
2. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы (биргелешип авторлук). Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Бишкек, «Илим», 1, 2, 3-чыгарылышы: 1995, 1998, 2000.
3. Кыргыздар: улуттук өзүн-өзү сезүүнүн өсүшү. Бишкек, 1997.
4. Акындар жана манасчылар - кыргыз элдин руханий маданиятынын жаратуучулары, сактоочулары (биргелешип авторлук) Бишкек, 1999.
5. Кыргызстандын тарыхы (эски замандардан бүгүнкү күнгө чейин) (биргелешип авторлук). Бишкек, 2001, 2002.